📢📢📢ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
🇰🇬🇰🇬🇰🇬Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата «Обонумда- эне тилим» аттуу колледждин окутуучулары жана студенттер арасында кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларга сынак жарыялайт!!!!
СЫНАКТЫН ЖОБОСУ👇
Сынактын максаты:
•Кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларды жана автордук чыгармаларга жаны обон жаратып, жаштар арасында жайылтуу;
• Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;
• Жаш муундарды эне тилин сүйүүгө, достукка, биримдикке, мекенчилдикке тарбиялоо.
Сынак женүүчүлөрүн калыстар тобу эки жол менен аныктайт:
1.Автордук чыгармага жаңы обон жаратуу. (эне тили жөнүндө)
2. Эл оозунда ырдалып жүргөн обондорду аткаруу. (эне тили жөнүндө)
Келип түшкөн материалдар ушул эки багыт боюнча өз-өзүнчө каралып, бааланат. Сынакка сунушталган ырдын автору жана бирикменин, тайпанын аталышы видео материалдын алдында айтылышы шарт! Материалдар видео абалында 5 мүнөткө чейин болуусу зарыл. Сынакта студенттердин жана окутуучулардын эмгектери өзүнчө бааланат жана 2 башка сыйлык берилет. Ошондой эле калыстар тобу тарабынан эң мыкты деп эсептелип, орундарга ээ болгон аткаруучулардын видеоматериалдары сыйлыкка ээ болуудан сырткары Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин сайтына, фейсбук, инстаграм баракчаларына жүктөлөт.
Сынакка жиберилген обондуу ырлар аткаруучулар тарабынан жандуу үн менен аткарылып, видео материал катарында төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректерге жөнөтүлөт.
1. Обондуу ырлар сынак фейсбук баракчасы
2. begina8687@mail.ru
3. 0776 61 86 69, 0772 87 77 81 вотсап
Обондуу ырлар сынагына видео материалдар 2022-жылдын 14-сентябрынан 24-сентябрына чейин кабыл алынат. Сынактын женүүчүлөрүн сыйлоо 2022-жылдын 25-сентябры күнү өтөт.
📌📌📌Эскертүү: Аткарыла турган чыгармалар кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар болуп, 🎦🎦🎦видео материал абалында болуусу шарт. Көркөм окуулар, аудио материалдар жана башка мазмундагы обондор сынактан четтетилет. ❌❌❌
👩‍💻Уюштуруу тобу.
Нет описания фото.