2022-жылдын 21-сентябрь күнү кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучусу Ж.Р.Осмонова «Сүйүктүү мекеним-Кыргызстан»деген темада тарбиялык саат өттү. Мекенди сүйүүгө берилгендик, ынтымактуулук, биримдикте болуу жана Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга, коргоого тарбиялоо максатын камтыган тексттер, ырлар, видео слайддар көрсөтүлүп, маалыматтар берилди.Ошондой эле студенттердин ар бири «Мен-Кыргызстаным үчүн», «Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен эли» деген темадагы патриоттук мазмунду камтыган ырларды айтышып, дубал гезит, сүрөттөрдү даярдашты.