Куттуктоо!!!
Мугалим… кандай гана ардактуу сөз. Мугалимдик кесип — кылымдардан бери келе жаткан ыйык кесип. Мугалим- педагогикалык акыл-топтому , алысты көрө билгендиги, изденүүчүлүгү, жаш баладай жумшак көңүлү , бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан!!!
Адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырып, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан креативдүү, чыгармачыл, интеллектуал, жигер, оратор, санарип мугалимдер сиздерди «Мугалимдер күнү» майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоо менен бирге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөнүздөргө бейпилдик, ишиниздерге ийгилик каалайм!!!
Сиздерди урматтоо менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин директору, доцент Абдуллаева Чолпон Хабибуллаевна