Өндүрүштүк практика- өндүрүштө!

15.11.2022 жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Кесиптик колледжинин МТЭТЖӨЖ бирикмесинин  «Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы» адистигинде  КМТШИ9-1-20 тайпасында окуган студенттеринин Ош шаарындагы «Кыргызтекстиль ЛТД», ОсОО «Дастан стиль», «Сымбат»  тигүү ишканаларында өндүрүштук практикасын өтүп келгенден кийинки отчеттук көргөзмөсү болуп өттү.

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы боюнча бул көргөзмө ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, университетибиздин жана колледждин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттеринин  катышуусунда оттү.

Алгачкы создү бирикме башчысы И.А.Бакиров баштап быйыл биздин адистиктин студенттери биринчи жолу шаарыбыздагы тигүү ишканаларында практика өтүшкөнүн белгиледи. Бул мезгилге чейин тигүү ишканалары негизинен чакан тигүү цехтери  болгондуктан практика өзүбүздүн университетибиздеги окуу-өндүрүштүк чеберканаларында өткөрүлүүчү, ал эми азыр заманбап жабуулар менен камсыздалган тигүү ишканалары  көбөйүп, кыздарыбыз  практика өтүү үчүн шарттары бар ишканаларга барып, ал жердеги технологиялык процесстер менен жакындан таанышышып,үйрөнүп келишти деди жана келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Практиканын жыйынтыгы боюнча иш чаранын башында тигүү ишканаларындагы  практика мезгилинде иш орундарында студенттерибиздин  аткарган иштери боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Андан кийин ОсОО«Кыргызтекстиль ЛТД», ОсОО«Дастан стиль», акционердик коом «Сымбат»  тигүү ишканаларында өндүрүштук практикасын өтөп келген студенттерибиздин презентация, отчетторун уктук. Студенттерибиз практика мезгилинде жаны тигүү машиналары жана жабдыктар менен камсыздалган ишканаларга барып практика өткөндүгүнө аябай ыраазычылыктарын айтуу менен бирге университеттеги чеберканаларга жок дегенде бирден болсо дагы азыркы күндүн талабына жооп берген заманбап тигүү машиналары менен камсыз кылса жакшы болоор эле дешти.

Практиканын жыйынтыгы боюнча «Кыргызтекстиль ЛТД» фабрикасынын окуу борборунун жетекчиси А.Осоева студенттерибиздин практика мезгилиндеги өздөрүнүн теориялык билимдерин практикада жогорку денгээлде көрсөткөнүн, окууну аяктаганда аларды жумушка кабыл алыша турганын белгилеп, окутуучуларга ыраазычылык билдирди.

Ата-энелер, иш берүүчүлөр, университетибиздин практикаларды өткөрүү боюнча башчысы А.Б.Ботоноев, кесиптик колледждин директору Ч.Х.Абдуллаева, практика жетекчилери Ж.А.Жээнбекова, Т.М.Маметовалар өз ойлорун айтышып, практика студенттерибиз үчүн пайдалуу болгондугун жана келечекте иш орун менен камсыз болоорун белгилешти.