2022-жылдын 24-ноябрь күнү кесиптик колледжинин МТЭТЖӨЖ бирикмесинде кезектеги конок лекция уюштурулду.
Аталган конок лекция Кыргыз-Өзбек Университетинин Инженердик-Технологиялык Факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы т.и.к., КӨЭАУнун профессору Өмүрбекова Гүлзат Кочкорбаевна «Python программалоо тилинде функциялар менен иштөө»- темасында өтүлдү.
Конок лекция Автоматташтырылган системаларды жана эсептѳѳ техникаларын программалык камсыздоо адистигинин студенттери үчүн уюштурулду. Аталган адистиктин студенттери сабакта активдүү катышып, жаңы тема боюнча керектүү маалыматтарга ээ болушту.
Жыйынтыгында колледждин эмгек жамааты жана студенттердин атынан ККнын директору, ф.-м.и.к., доцент Ч.Х.Абдуллаева ыраазычылык билдирди.
Конок лекция өз максатына жетти.