24.11.2022-ж.
Кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучусу Б.А. Байиева тарабынан ДО9-21 тайпасына Көркөм окуу балдар адабияты менен сабагынан «Лирикалык чыгармаларды көркөм окуу» деген темада ачык сабак болуп өттү.
Сабак интерактивдүү методдордун негизинде окутулуп, сабактын этаптары толугу менен сакталды.Сабактын максатына жетүү үчүн окутуучу оюн технологиясы, студенттердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу технологиялары колдонулду. Ошондой эле студенттердин билимин текшерүү жана бышыктоодо Bloom Library-электрондук китепканасы, LearningApps, Umaigra онлайн сервистери колдонулуп, интерактивдүү көнүгүүлөр аткарылды.