«Менин биринчи тиккен кийимим» аталышындагы көргөзмө уюштурулду.

«Менин биринчи тиккен кийимим» Студенттердин алган билимдери практикалык жактан жүзөөгө ашууда
Бүгүн, 14-март күнү Кыргыз текстиль фабрикасынын имаратында Студенттердин алган билимдерин практикалык жактан жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлгөн «Менин биринчи тиккен кийимим» аталышындагы көргөзмө уюштурулду. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, мугалимдери жана студенттер катышты.
Көргөзмөдө кесиптик колледждин 2-курстары тарабынан тигилген сырт кийим (пальто), 1-курстун студенттери тарабынан тигилген биринчи тиккен кийимдер,3-курстун студенттери жана фабриканын тигүүчүлөрү тарабынан тигилген кыздардын саркеч көйнөктөрдүн көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Кыргыз текстиль фабрикасы 2022-жылдын октябрь айында иш ордунда окуу технологиясын ишке ашыруу максатында келишим түзгөн. Бүгүнкү күндө университеттин алдындагы Кесиптик колледждин студенттери өндүрүштө окутууну айкалыштыруу менен билим алышууда.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *