Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргузүлүүдө.
Аталган иш-чара дүйнөлүк масштабда ислам дининин тез жана динамикалуу жайылуусу коомдо жаңы тенденцияларды пайда кылып, ага болгон кызыгууну андан ары тереңдетип жатканы жана ошондой эле, дүйнө жүзүндө ислам динине жамынган диний терроризмдин күч алышы, экстремисттик уюмдардын көбөйүшү, ошондой эле ага жаштардын активдүү тартылып, региондо коопсуздук маселесин жаратып жаткандыгына байланыштуу, азыркы Кыргызстандагы диний кырдаалга мүнөздөмө берүү, диний экстремизм менен терроризмдин пайда болуу себептерин аныктоо жана алардын алдын алуу максатында уюштурулду.
Жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгу учүн Ош ШИИБ нын Ак-Буура МБнүн ага лейтананттары А Эболотов, Рысбек Асановго ыраазычылык билдиребиз