Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун 2022-жылдын 23-августунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33-жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш чаралардын планына», ылайык
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Таймашта » Айкөл Манас » жана «Айчүрөк» тобу өз жигердүүлүгүн көрсөтө алышты. «Манас» эпосу жаштардын арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймаш студенттердин мекенчилдигин жогорулатуу , маалыматын арттырууга багытталган. Мындан сырткары балдардын тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүн жана сөз байлыгын өстүрүүнү көздөйт.
Жыйынтыгында » Айчүрөк» тобу жеңишке ээ болду.