2024-жылдын 1-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик колледжинин математика жана табигый сабактар бирикмеси Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана университеттин 30 жылдык юбилейина карата:

o Мамлекетти түптөгөн Улуу инсандарды жана алардын эмгектерин студенттерге таанытуу менен мамлекетибиз жөнүндөгү маалыматтарды кенейтүү;
o Студенттерге окуу жайды негиздеген улуу инсандарды таанытуу, окуу жайы менен сыймыктанууга шыктандыруу жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу;
o Студенттердин маданий-эстетикалык эс тутумун калыптандыруу жана өз алдынча ой толгоосун өнүктүрүү- деген максаттарды коюу менен
“Улуу инсандардын бактылуу урпактарыбыз” аттуу сахналаштырылган адабий-музыкалык иш-чара болуп өттү. Иш-чара чыгармачылык менен жогорку деңгээлде уюштурулуп, өз максатына жетти.
Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салымын кошкон Улуу инсандардын образдары чагылдырылгын сахналык көрүнүш көпчүлүктүн купулуна толду. Студенттер ар бир инсандын образын берилүү менен аткарышып, көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Математика жана табигый сабактар бирикмесинин окутуучулар жамааты аталган иш-чараны чыгармачылык менен жогорку деңгээлде уюштуруп, жетекчиликтин ыраазычылыгына татыды. Мындай иш-чараны уюштуруу жаштардын руханий-духовный байлыктарын арттырып, маданиятын жогорулатууга түрткү болоорун белгилөөгө болот.