12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 96 жылдык маарекесине карата “Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме ” деген иш-чара уюштурулду.

Улуттук адабият күнүнө карата кесиптик колледжде иш-чара уюштурулду.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тил жана коомдук сабактар бирикмесинин окутуучусу Кармышова Жаркынай Абытовна эжеке тарабынан түзүлгөн “Сезим” чыгармачыл адабий ийриминин 12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 96 жылдык маарекесине карата “Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме ” деген иш-чара уюштурулду.
Иш-чарада студенттер өздөрүнүн баяндамалары менен таныштырды ошондой эле студенттер тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, автордук ырларын көркөм окуп, обондуу ырларды,бийлерди аткарып беришти
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректор ф,и,к доцент Сарыков Сыргак Токтосунович жана ф-м,и,к Жээнтаева Жумагул Кенешовна,Кесиптик колледждин директору ф-м,и,д Ч.Х. Абдуллаева жана окутуучулар адабиятка кызыккан студенттер катышты.
Иш-чара мыкты деңгээлде уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *