Кесиптик колледжинин чет тили бирикмесинин окутуучусу Исираилова Кулпунай Уристанбековнанын ИЯ9-2-23 тайпасына кезектеги ачык сабагы өтүлдү

2025-жылдын 14-апрель күнү Кесиптик колледжинин чет тили бирикмесинин окутуучусу Исираилова Кулпунай Уристанбековнанын ИЯ9-2-23 тайпасына кезектеги ачык сабагы өтүлдү. Ачык сабактын максаты: have something done грамматикалык түзүмүн, ошондой эле “Treat yourself” (өзүнө кам көрүү) аталыштагы темага байланыштуу жаңы сөздөр менен таанышышат жана сөздөрдү колдоно билүүгө үйрөнүшөт. Бул ачык сабакка билим сапат бөлүмүнөн Токтогулова Зияда, чет тили бирикмесинин ага окутуучусу Насырова Мыскал Токтомушовна, бирикме башчы Ысакова Насипа Садирбековна жана башка окутуучулар катышышты.