2022-жылдын 29-сентябрында кесиптик колледждин 3-курстун ПНК адистигиндеги студенттерге «Текстүү маселелерди чыгаруунун технологиясы» сабагынан Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналарынын циклдык комиссиясынын төрагасы, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Байгазиев Кадырберди агай «Текстүү маселелерди чыгарууну моделдештирүү» деген темада кызыктуу лекция окуп, конок болуп кетти. Агайга жалпы Кесиптик колледжинин окутуучулар жамаатынын атынан жана кызыктуу лекцияны угушкан студенттердин атынан терең ыраазычылык билдирип, рахмат айтабыз. Агайга талыкпаган педагогикалык эмгегинде үзүрлүү ийгиликтерди, ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Ошондой эле бизге дагы конокко чакырууга даярбыз.