“STEAM билим берүү технологиясы химия жана биология сабактарында”- аттуу семинар өтүштү
2024-жылдын 15-ноябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин математика жана табигый сабактар бирикмесининде Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын тажрыйбалуу методист окутуучулары Ярматов Маматкадыр Осмонович, Кошназарова Чынара Кабыловна, Мирлан кызы Гүлсана “STEAM билим берүү технологиясы химия жана биология сабактарында”- аттуу семинар өтүштү, анда заманбап окутуунун технологиялары боюнча кеңири маалымат берилип, өз ара тажрыйба алмашуу иш-чарасы жүрдү. Уюштурулуп өткөрүлгөн семинар кызыктуу суроо-талкуулар менен коштолуп, ийгиликтүү өттү. Жыйынтыгында кесиптик колледждин педагогикалык окутуучулар жамааты лекторлорго өз ыраазычылыгын билдиришти жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Ошондой эле семинарга катышкан жаш окутуучулар маалыматтарга ээ болуу менен чектелбестен, квалификациясын дагы жогорулатышты.