«Профессионалдар 2024» чемпионаты болуп өттү.
КӨЭАУнун студенти Россияда өткөн «Профессионалдар 2024» кесиптик чеберчилик боюнча чемпионатта жеңишке жетти
2024-жылдын 26-30-ноябрь күндөрү Россиянын Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги, Бүткүл россиялык чемпионат кыймылы тарабынан кесиптик чеберчиликти көрсөтүүгө багытталган «Профессионалдар 2024» чемпионаты болуп өттү.
Сынак жаш адистердин арасында 55 компетенция боюнча өткөрүлүп, катышуучулар курулуш, тейлөө тармагы, маалыматтык технологиялар, билим берүү боюнча кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүшкөн.
Аталган сынакка Б.Сыдыков атындагы Кыргыз -Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин 2-курсунун студенти Казиева Мафтунабону Мирексоновна «Эмгекти жана технологияны окутуу» компетенциясы боюнча катышып, 2-орунга ээ болду.
Мафтунабону технологияны окутуу, электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу, студенттер үчүн долбоордук иштерди уюштуруу, үй-бүлө шарттары, кесиптик багыт берүү иш чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, окутуу технологиясын методикалык камсыздоо боюнча берилген тапшырмаларды так аткарып, калыстардын жогорку баасына татыды.
Аны жетектеп барган кесиптик колледждин окутуучусу Анарбаева Гульсана Тынычбековна эксперт катары катышып кийинки чемпионатка жолдомо алды.
Бул ийгилик окуу жайыбыз үчүн кубанычтуу кабар, университетибиз билимдүү жаштар менен толуктала берсин.