«СПИД — кылымдын коркунучу» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Бүгүн, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз — Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Бапыгулова Элиза тарабынан уюштурулган 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө арналган «СПИД — кылымдын коркунучу» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун коноктору: Ош шаардык төрөт үйүнүн даарыгери, гинеколог Оморова Бегимай жана
спикер, коомдук активист Таалайбек кызы Мадина ошондой эле КӨЭАУ нын аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова катышып, студенттерге маанилүү маек куруп беришти. Жыйынтыгында,
ВИЧ жана СПИД жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана азайтуу бул оору менен күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналгандыгын студенттер түшүнүштү. Адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү жана аларды коомго жеткирүү – ар бир жарандын милдети экенин аңдап сезишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *