2025-жылдын 22-апрель күнү Кесиптик колледждин МТС бирикмесинде пландаштырылган кезектеги ачык сабак бирикме окутуучусу Арстанбек кызы Айзада тарабынан өз убагында мыкты деңгээлде өттү.
Арстанбек кызы Айзада Ия9-1-24 тайпасына “Спетрлер жөнүндө жалпы түшүнүк” темасындагы көргөзмөлүү ачык сабагын өткөрдү. Окутуучу тарабынан тема боюнча кеңири түшүнүк берилип, студенттер үч топко бөлүнүп, студенттердин сабакка болгон активдүүлүктөрү көрсөтүлдү. Сабакта кызыктуу оюндар, суроо-жооптор, интерактивдүү усулдар, эс алдыруучу көнүгүүлөр уюштурулду. Өтүлгөн ачык сабак МТС бирикмесинин отурумунда сабактарга катышкан окутуучулар тарабынан талкууга алынып “эң жакшы” деп бааланды. Эжекенин сабагы физика дүйнөсүн түшүнүүгө жана сүйүүгө түрткү берди. Эжекеге ийгиликтерди каалайбыз.