2023-жылдын 8-декабрь күнү Кесиптик колледждин педагогикалык сабактар бирикме синин окутуучусу Ж.А.Самидинова тарабынан «Креативдүү болочок мугалимдер» аттуу «Жаш педагогдор» студенттик илимий ийриминин кезектеги иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада ийримдин жетекчиси Ж.А.Самидинова ийримдин аткарган иштери жана жетишкендиктери боюнча баяндама жасады.Андан соң бүтүрүүчү тайпалар арасында түзүлгөн командалар ортосунда акыл таймаш өткөрүлдү. Студенттердин чыгармачылыгын, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн таймашта бүтүрүүчү тайпалар активдүү катышып чыгармачылыгын жогорку деңгээлде көргөзө алышты.