2023-жылдын 16-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин Кесиптик колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттерине ОшМУнун МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к. Г.М. Борбоева «Башталгыч класстарда геометриянын элементтерин үйрөтүү жолдору» деген темада конок лекция өтүп берди. Кесиптик колледждин директору, доцент, ф.-м.и.к., Ч. Х. Абдуллаева мындан ары да эки окуу жайдын билим берүү жаатындагы кызматаштыгы улана берерин баса белгилеп өттү. Уюштуруучу Педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучусу Д.Бабашева, Г.Адиловалардын ишине ийгилик каалап, студенттерди сапаттуу билим алууга чакырып өттү.