«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн “Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу долбоорлор сынагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин окутуучусу Байиева Бегайым Абдугапаровна III орунду ээледи.
Бегайым Абдугапаровнаны бул ийгилиги менен КӨЭАУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын атынан куттуктайбыз!