23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде “Тил –улуттун унгусу жана келечеги” аттуу дубал газеталар сынагы жана “Кылым карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү” боюнча көргөзмө болуп өттү. Ошондой эле студенттер арасында “Улуттук баалуулуктарды даңазалайбыз” аттуу акыл таймаш уюштурулду. Акыл таймашта студенттерге Ата Мекен, кыргыз армиясы, мамлекеттик тил, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы, улуттук баалуулуктар, каада-салттар жөнүндө суроолор түзүлүп, таймашта суроолорго так, туура жооп берген студенттер жеңишке жете алышты.