2022-жылдын 23-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде “Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен эли” аталышында флешмоб жана дубал газеталардын көргөзмөсү болуп өттү. Аталган иш-чарада Мекен үчүн жан берип, чек арадагы кагылышууда каза болгон кыргызымдын кыраандары, баатыр жоокерлердин эрдиктерин, Баткен жеринин сулуугу, ыйык “Айгүл гүлү” жөнүндө баяндаган автордук ырлар, көркөм окуулар, дубал газеталар студенттер тарабынан даярдалды.