Бүгүн 29-февраль Кесиптик Колледжинин “Чет тили” бирикмесинин окутуучулары С. А. Шериева, Э. Р. Тейитова жана Т. С. Сагынбаева кесиптештерине “Билим берүүнүн жаңы доору” аталышындагы метод-семинарын өтүп беришти. Семинар аты аталгандай XXI кылымдын заманбап усулдарын,ар кандай чыгармачылык менен кантип сабак өтүүгө боло турган эң сонун тажырыйбалык методдорун,ой-өрүштөрүн эжекелерибизге бөлүшүп,кызыктуу оюндар менен коштолду. Катышуучулар «мыкты» деп баалашып, семинарга катышкан активдуу окутуучуларыбызга кызыктыруучу белектер берилди. Бирикменин мугалимдери үйрөнгөн усулдарын сабактарына колдонуп, студенттер менен иштөөдө ийгиликке жетип, креативдүүлүккө чакырат жана жайылтат деген үмүттөбүз.