«Кесибим менин келечегим» аттуу жаш педагогтор арасында конкурс өттү.
2022-жылдын 25-ноябрь күнү Кесиптик колледждин педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучулары Ж.А.Самидинова, Толубай кызы Кызжибек тарабынан уюштурулган «Кесибим менин келечегим» аттуу «Жаш педагогдор» илимий ийриминин акыл таймашы болуп өттү. Таймашта бүтүрүүчү тайпалар арасында түзүлгөн командалар өздөштүргөн билимин, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, интеллектуалдык деңгээлин көргөзүп, активдүү катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Студенттердин билим тажрыйбасын, педагогикалык чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн иш чарада командалар дипломдорго жана белектерге ээ болушту.