Бүгүн, кесиптик колледжде 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата студенттер тарабынан майрамдык иш чара уюштурулду. Аталган кечеге окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева, окутуучулар жамааты, студенттер катышып, концерттик программага күбө болуп кетишти.