5-март — Ак калпак күнү.
Кесиптик колледжинин студенттери Ош шаарынын Мэриясы тарабынан уюштурулган жөө жүрүшкө жигердүу катышып келишти.
Баш кийим тууралуу кызыктуу фактылар
Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.
Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.
Калпактын түрлөрү
«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.
Калпакты кантип кийген оң
Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт. Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан (эгер эркек үй-бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады», -дегенди билдирет.
Ак калпак тууралуу макал-лакаптар
«Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт» , «Калпакты жерге койбо» ,
«Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун».