КРнын Президентинин 2023-ж.8-февралдагы ПЖ №21 КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында жана анын алкагында КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-ж. 3-мартындагы №112 токтомунун негизинде КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча бекитилген планына ылайык 2023-жылдын 18-апрелинде КӨЭАУнун Кесиптик колледжинин ЭУС бирикмеси жана «Кыргызстандын юристери» Ассоциациясы» тарабынан «Кыргыз Республикасынын Конституциясы- мамлекеттин негизги мыйзамы» аттуу тегерек столду өткөрүлдү. Тегерек столго уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөн «Кыргызстандын юристери» Ассоциациясынын Оштогу филиалынын директору, ю.и.к. Тайлакова Салия Дженишбековнага жана КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын кадрларды камсыздоо секторунун адиси Мамажунус уулу Медербекке терең ыраазычылык билдиребиз🤝📚 #КРнынКонституциясына30жыл