«Улуттук баалуулуктар» аталышындагы ачык сабак болуп өттү.
2023-жылдын 17-апрель күнү Кесиптик колледжинин ПНК9-4-21 тайпасынын куратору А.Мойдунова тарабынан куратордук ачык сабак өткөрүлдү.
Сабактын максаты 2021-2027 жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны аткарууну иш жүзөгө ашыруу.Студенттер Улуттук каада-салт ,улуттук кийимдер, улуттук тамак-аш, улуттук оюндар боюнча командага бөлүнүп кеңири баяндама беришти.
Куратор тарабынан кыргыз элинин материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүүгө негизделген суроолор берилди. Студенттер берилген суроо-жоопго активдүү катышып сабак өз максатына жетти