2023-жылдын 17-октябрында Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин кесиптик колледжинин студенттерине ОшМУнун ИПКнын тажрыйбалуу окутуучусу, эң мыкты лектору Солтоев Зарылык Акматбекович “Кыргызстан монгол доорунда” деген темада конок лекция өтүп берди. Студенттер көчмөндөрдүн жараткан цивлизациясы, талаа көчмөндөрүнүн эч жерде жазылбаган, бирок колдонгон мыйзамдары, нарк-насили, каадасы, намысы жана монгол доору тууралуу маалымат алышты. Зарлык Акматбековичке мыкты өткөн лекциясы үчүн колледждин директору, ф-м.и.к., доцент Ч.Х. Абдуллаева ыраазычылык баракчасын тапшырды. Чолпон Хабибуллаевна мындан ары да эки окуу жайдын билим берүү жаатындагы кызматаштыгы улана берерин баса белгилеп өттү. Уюштуруучу Белекбаева Эльмира Токоновнага да ишине ийгилик каалап, студенттерди сапаттуу билим алууга чакырып өттү.