2023-жылдын 10-октябрында Кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучусу Акматова Уларкан Жидебаевна тарабынан «Максат коюуу жана убакытты туура бөлүштүрүү” –деген темадагы иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага Республикалык кыргыз тили коомунун вице-президенти, ф.и.к., теле журналист Кадырбекова Нуркыз Кадырбековна, Ош шаарындагы Жетим балдар үйүнүн директору Роза Зайнидиновна, Кесиптик колледждин директору, доцент Чолпонай Хабибуллаевна жана окутуучулар жана студенттер катышты.
Бул иш чарада Нуркыз Кадырбековнанын студенттер үчүн болгон маңыздуу маеги, көптөгөн пайдалуу кеңештери жаштардын жан дүйнөсүн байытуу менен алдыга максат коюууларына жакшы көрсөткүч боло алат жана студенттер көптөгөн пайдалуу кеңештерди ала алышты.
Кесиптик колледждин ТГС бирикмесинин окутуучусу Жаркынай Абытовна да иш чарага катышып каалоо тилектерин билдирүү менен өз калемине таандык китептерди келген конокторго жана студенттерге белеке тапшырды. Иш чаранын аягында Кесиптик колледждин директору Чолпонай Хабибуллаевана Нуркыз Кадырбековнага КӨЭАУнун ыраазычылык катын тапшыруу менен мындан арыда биздин окуу жай менен тыгыз байланышта болуп бир нече иш чараларга көмөктөш болууга чакырып кетти