Кыргызстандын улуттук лидерин эскердик!
Бүгүн, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Кесиптик колледжинде 7-8-ноябрь Тарых, ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата Кыргызстандын улуттук лидери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун жаркын элесине арналган «Алтын доорду жараткан улуттук лидер» аталышындагы төгөрөк стол болуп өттү. Иш-чаранын башкы коногу, Раззаков таануучу, жарандык активист Эгемназаров Исхак Сардарбекович студенттер менен маңыздуу баян курду. Төгөрөк стол бүйүр кызыткан суроо-жооптор менен коштолуп, соңунда студенттер, окутуучулар өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Айта кетчү жагдай, Исхак Эгемназаровдун жакын арада Исхак Раззаковго байланыштуу китеби жарык көрмөкчү жана бул китептин бет ачары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде, биздин Кесиптик колледжде өтөөрүн автор өзү маалымдады.