2023 жылдын 21-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Окуу керемет!” долбоорунун башталгыч мектепте окууну, жазууну жана математиканы окутуунун жаңы стратегияларын жана каражаттарын ишке киргизүү процессинде башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана процесстин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча долбоордун ишмердүүлүгүнүн алкагында Окуу туру өткөрүлүүдө. Бул окууда . “Иш берүүчүлөр жана педагогикалык окуу жайлардын ортосундагы байланыш” аттуу баяндама менен колледждин директору Ч.Х.Абдуллаева колледждин башталгыч класстарда окутуу адистигин студенттери менен катышты жана студенттердин практикаларына анализ берилип, студенттер практика учурунда “Окуу керемет!” долбоорунун модулдарын колдонуп өтүлгөн сабактары жана жасалган көрсөтмө куралдары боюнча баяндап беришти.Окуу жайдагы алгылыктуу иштерди катышуучулар жогору баалашты.